Факультетибизде 2026-жылдын 29-октябрь күнү студенттер арасында футбол боюнча ички мелдеш болуп өттү. Спорттук иш-чарага факультеттин студенттери жигердүү катышып, өздөрүнүн жогорку спорттук чеберчиликтерин жана тартуулаган кызыктуу оюндары менен көрүүчүлөрдү кубантышты.
“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгу чолунун алкагында бул мелдешти 3-курсунун студенттери өз демилгеси менен уюштуруп, оюндар атайын бекитилген жобонун негизинде так жана калыс өткөрүлдү.
Курч мүнөздөгү беттештердин жыйынтыгында, 3-курстун Машыктыруучуларды даярдоо бөлүмүнүн командасы атаандаштарынан өзгөчөлөнүп, мелдештин чемпиону аталды. Жеңүүчүлөргө Спорт илимдери факультетинин башкы кубогу салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Команданы жана уюштуруучуларды кезектеги спорттук ийгилиги менен куттуктайбыз!